Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Садыр Жапаровдун коррупцияга шектелген иниси үй камагына чыкты
26.10.2023 | 16:03
Бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Улан Жапаровдун бөгөт чарасы 19-октябрда каралды.
Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал быйыл июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Бөгөт чарасы акыркы жолу 18-сентябрда каралып, сот аны 26-ноябрга чейин камакта калтырган.
Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеп жатат.
Садыр Жапаров иниси эмне себептен камакта калтырылганын айтты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом