Ташиев Жапаровго Жалал-Абаддын оңдолгон жолдорун көрсөттү (видео)

Ташиев Жапаровго Жалал-Абаддын оңдолгон жолдорун көрсөттү (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровго Жалал-Абаддын оңдолгон көчөлөрүн көрсөттү.

Өлкө башчысынын маалымат кызматы жарыялаган видеодо Ташиев өзү рулда олтуруп, президентти шаардын ички жолдорунун абалы менен тааныштырууда.

“Союз мезгилинен бери оңдолгон эмес экен. Бомба түшкөндөй абалда болчу”, — дейт УКМКнын жетекчиси.

Садыр Жапаров Курманбек, Малашев, Манас, Назаров, Балтагулов, Осмонов, Пушкин, Мамыр Баатыр, Байзаков көчөлөрүн көргөндүгү кабарланат. Аталган жолдорго асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулган. Бардык иштер бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Өлкө башчысы Жалал-Абад шаарынын 146 жылдык мааракесине катышып,  Аюб-Тоо тоосунун этегинде Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүү салтанатына катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>