ТҮЗ ЭФИР! Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны башталды

ТҮЗ ЭФИР! Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны башталды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны башталды.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы жыйынды чагылдыруу үчүн 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталганын кабарлаган.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов жыйынга катышкан ар бир журналисттин суроо узатуусуна мүмкүнчүлүк берилерин айтты.

«Бардык журналист Садыр Нургожоевичге суроосун берсин. Ошондуктан бир гана суроо узатыныздар. Эгерде экинчи суроодо микрофон өчүрүлөт», — деди Анаркулов.

Бирок Садыр Жапаров убактысы тар экенин айтып, жыйын бир жарым саатка созуларын билдирди.

“Биз 3-4 саат кенен-кесир сүйлөшөбүз деп плоандадык элек. Азыр жолдо келе жатсам Орусиянын премьер-министри менен саат 16:00дө сүйлөшүү болорун айтышты. Ошондуктан бир жарым сааат сүйлөшөбүз”, – деди Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>