Садыр Жапаровдун Мисирге болгон расмий сапары аяктады. Эмнелер болду?

06.11.2025 | 09:52

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 4-5-ноябрда Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алгачкы күнүндө Каирдеги “Аль-Иттихадия” президенттик сарайда Садыр Жапаров менен Мисирдин башчысы Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуусу жана тет-а-тет форматындагы сүйлөшүүлөрү өттү.

Андан кийин лидерлер кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Анда кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Каир шаарында Мисир парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугушуп, тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана маселелерин сүйлөшүштү.

Андан соң Садыр Жапаровдун, Мисирдин премьер-министри Мустафа Мадбулинин, ошондой эле Мисирдин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи жолу кыргыз-мисир бизнес-форуму болуп өттү.

Анда өлкө башчы мисирлик ишкерлерди Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы менен таанышуу үчүн өлкөгө келүүгө чакырды.

Мындан тышкары, форумда эки өлкөнүн экономикасынын негизги багыттарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана санариптик экономика тармактарындагы келечектүү долбоорлорду тааныштырган видео презентациялар сунушталды.

Бул сапардын алкагында кыргыз-мисир биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган 8 эки тараптуу документке кол коюлду.

Ошондой эле мамлекет башчысы расмий сапардын маданий программасынын алкагында атактуу Гиза пирамидаларынын комплексине жана Чоң Мисир музейине барды.

Президент Садыр Жапаров Мисирге болгон расмий сапарын аяктаган соң, 5-ноябрда АКШнын борбору Вашингтонго учуп кетти.

Scroll to Top