Садыр Жапаровго ырайым кылууну талап кылган митинг өтүүдө

Садыр Жапаровго ырайым кылууну талап кылган митинг өтүүдө

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровго президенттен ырайым кылууну талап кылып, анын тарапкерлери митингге чыкты.

Бишкектеги М. Горький атындагы сейил багында өтүп жаткан акцияга 500гө жакын адам келген.

Алар колдоруна Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган плаккаттарды кармап, “Акталсын”,  “Бошотулсун” деген чакырыктарды айтып жатышат. Митингдин айрым катышуучулары Жапаровдун сүрөтү тартылган  жилет кийип алышкан.

Аны колдоп келгендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Каныбек Осмоналиев, Камчыбек Ташиев, Жылдыз Жолдошева жана  коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева бар.

Сүрөт: 24.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>