Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миниcтрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ тургундарды сак болууга чакырат.