Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бүгүн АФК Кубогунда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешет
20.05.2021 | 16:22
Бүгүн, 20-майда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 3-турунда Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешет.
Бишкек шаарында “Дордой” тажикстандык “Равшанды” саат 20:00дө кабыл алат.
Ал эми Тажикстандын Душанбе шаарында “Худжанд” Ош шаарынын “Алай” командасы менен саат 22:00дө оюн өткөрөт.
Белгилей кетсек, “Алай” буга чейин “Насаф” (Өзбекстан) жана “Алтын-Асыр” (Түркмөнстан) командаларына утулуп, кийинки баскычка чыгуу укугунан ажырады.
Ошондой эле Бишкекте түркмөндүк “Ахал” “Дордой” жана “Равшан” клубдарын утуп, АФК Кубогунун “Е” тайпасынан кийинки баскычка чыкты.
Буга чейин Reporter.kg “Дордой” АФК Кубогунда Салымбековдун үмүтүн актай алабы? Деген аталышта макала жарыялаган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт