ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Салык декларациясы: 1 миң 510 кызматкерге 6 млн сом айып салынды
09.10.2024 | 10:07
Салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 2 миң 511 кызматкерге Укук бузуулар кодекси боюнча иш козголуп, материалдар сотко жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 1 миң 510 кызматкерге 6 млн 40 миң сом айып салынган. Калгандарынын иши сотто каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом