Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Араванда 11,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды
09.10.2024 | 09:22
Ош облусунун Араван районунда 11,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан 11,43 га жер Р.Н. аттуу жарандын жеке менчиги деп мыйзамсыз табылган. Андан соң 2013-жылы ал бул жерди башка бир адамга (Н.Н.) белекке берген.
“Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле чот белекке тартуулоо келишими жокко чыгарылган.
Мамлекетке кайтарылган 11,43 гектар жер 117 млн 360 миң сомго бааланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом