Салык кызматы салык төлөөчү жеке жактарга жагымдуу шарт түзүү максатында «бирдиктүү салык эсеби» иштелип чыканын билдирди.
Бирдиктүү салык эсеби — бул салык төлөөчүнүн каражаттары сакталган виртуалдык салык капчыгы. Салык төлөөчү бирдиктүү салыктык эсебин каалаган суммага толуктай алат.
Бул салык төлөөчүгө эсептеги каражат аркылуу көптөгөн өз-өзүнчө төлөмдөрдүн ордуна бир төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Ал эми салык кызматы бирдиктүү салык тутумунан түшкөн каражаттарды салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин ортосунда өз алдынча бөлүштүрөт.
«Бирдиктүү салык тутумунан салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө салык органы тарабынан автоматташтырылган режимде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү салык системасы аркылуу салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн салык төлөөчүдөн ИНН жана төлөм суммасы гана талап кылынат. Сиз бирдиктүү салык системасын онлайн (салык төлөөчүнүн эсеби, QR коду эквайринг аркылуу) же банк аркылуу толуктай аласыз»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда пилоттук этапта бирдиктүү салык эсеби төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- Патенттин негизинде ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жактар;
- Өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
- Турак жайга мүлк салыгын төлөө.
Салык кызматынын маалыматында, бул бирдиктүү салык тутумунан салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн автоматташтырылган төлөөдө адамдык факторлорду, анын ичинде салыктарды өз убагында төлөөнү, кечиктирилген төлөмдөрдүн туумдарды жана санкцияларды кошууну, төлөм документтериндеги реквизиттерди толтуруудагы каталарды жок кылат.