Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жаңы аталган министрликтин жетекчисинин милдетин аткаруучу дайындалды
01.04.2025 | 11:32
Азамат Жамангулов санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.
Эске салсак, Азамат Жамангулов ушул жылдын 30-январында санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 17-мартта өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, аталган министрлик Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп кайра аталып, жаңы милдеттер жүктөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат