Санкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу камакка алынды

Санкт-Петербургда сууга кулаган автобустун айдоочусу камакка алынды

Санкт-Петербург соту 10-майда Мойка дарыясына кулап кеткен автобустун айдоочусу Рахматшох Курбоновду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Сурак учурунда 44 жаштагы айдоочу жолдо бара жатканда автобустун тормозу иштебей калганын айтып, жабыркаган жарандардан жана каза болгон жүргүнчүлөрдүн жакындарынан кечирим сураган.

Учурда ал Кылмыш кодексинин «Бир нече адамдын өлүмү менен коштолгон транспортту башкаруу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча шек саналып жатканы кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында, Курбонов автобустан биринчи болуп чыгып, люкту ачууга аракет кылган, бирок ача алган эмес. Люкту автобус кулаганда сууга секирген куткаруучулар ачканын жергиликтүү «Фонтанка» басылмасы жазды. Басылманын маалыматына караганда, автобустун айдоочусу да оор абалда ооруканада жатат.

Бир катар орусиялык басылмалар Курбоновдун теги тажикстандык экенин, кийин Орусиянын жарандыгын алганын кабарлашты.

Автобуска ээлик кылган «Такси» ишканасы айдоочу бардык медициналык текшерүүдөн өткөнүн, анын жумуш жана эс алуу режими сакталганын, ошондой эле транспорт каражатынын абалы жайында болгонун билдирди. Ошол эле маалда Курбоновдун жубайы күйөөсү акыркы суткада тынымсыз иштегенин, нөөмөткө чыгар алдында беш сааттай гана уктаганын «78» телеканалына айтып берген.

Орусиянын Тергөө комитети ишканага карата «Коопсуздук талаптарын сактабай кызмат көрсөтүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>