КРВИ, сасык тумоо жана COVID-19 сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди кармануу керектигин COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдан билдиришти.
Эң негизги эрежелерин жарыялады:
— беткап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо – жөтөлгөндө, чүчкүргөндө оозду жана мурунду салфетка менен жабуу жана аларды андан соң жок кылуу;
— үшүп калуудан же өтө ысыктан организмди сактоо;
— өзүн начар сезген, дене табы жогору болгон, сасык тумоонун башка белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
—балада КРВИ белгилери пайда болсо — дарыгерге кайрылуу, баланы айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жөнөтпөй туруу;
— окуу жана эс алуу режимин сактоо, өтө чарчабоо, таза абага көп чыгуу, жетиштүү уктоо жана толук кандуу тамактануу;
— таңкы гимнастиканы жасоо жана дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу;
— сасык тумоо жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү.
“Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын биринчи он күндүгүнөн баштап пландалууда. Азыркы тапта бардык ҮМБлардан COVID-19га каршы эмделүүгө болот. Бул эмдөөлөрдүн ортосунда 14 күндөн кем эмес аралык сакталууга тийиш. Эмдөөдөн өтүңүз!”-деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз