Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

«Массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган жаш активист Ырыс Жекшеналиев бүгүн, 26-октябрда үй камагына чыгарылды. Ал буга чейин №1 тергөө абагында камакта болуп келген.

Жаш активисттин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>