Сасык тумоодон кантип сактаныш керек? Жооп

Сасык тумоодон кантип сактаныш керек? Жооп

КРВИ, сасык тумоо жана COVID-19 сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди кармануу керектигин COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдан билдиришти.

Эң негизги эрежелерин жарыялады:

— беткап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;

— респиратордук гигиенаны сактоо – жөтөлгөндө, чүчкүргөндө оозду жана мурунду салфетка менен жабуу жана аларды андан соң жок кылуу;

— үшүп калуудан же өтө ысыктан организмди сактоо;

— өзүн начар сезген, дене табы жогору болгон, сасык тумоонун башка белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);

—балада КРВИ белгилери пайда болсо —  дарыгерге кайрылуу, баланы айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жөнөтпөй туруу;

— окуу жана эс алуу режимин сактоо, өтө чарчабоо, таза абага көп чыгуу, жетиштүү уктоо жана толук кандуу тамактануу;

— таңкы гимнастиканы жасоо жана дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу;

— сасык тумоо жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү.

Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын биринчи он күндүгүнөн баштап пландалууда. Азыркы тапта бардык ҮМБлардан COVID-19га каршы эмделүүгө болот.  Бул эмдөөлөрдүн ортосунда 14 күндөн кем эмес аралык сакталууга тийиш. Эмдөөдөн өтүңүз!”-деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>