Жогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдөБишкектеги имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунушталдыНАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодоЕЭК ЕАЭБдеги электрондук сооданын бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырдыАйыпталуучудан 3 миң доллар талап кылышкан. Ошто эки тергөөчү кармалдыКМШ өлкөлөрү кургак учук менен күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетишти
Саясатчы Максат Касеновду күч органдары кармап кетти
01.10.2021 | 16:20
Улуу Кыргызстан партиясынын өкүлү Максат Касеновду күч органдары алып кетишти. Бул туурасында “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ошол эле маалда анын жакындарымын деген жаран видео кайрылуу жасап, Касеновду күч органдары автоматтары менен келип алып кеткендигин шардана кылды.
Анын айтымына караганда, ал намаз окуган ыймандуу болчу. Эч кандай жаман нерселерге барган эмес.
Ал эми Сооронкулова чындыкты айткандарды кармап кете берсе эмне болот деп суроо салган.
Ал буга чейин Кумтөр маселеси боюнча сын айтып жүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат