Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Бир айда Кумтөрдөн казынага канча каражат түшкөнү айтылды
27.10.2022 | 09:37
Быйыл тогуз айда “Кумтөр” Кыргызстандын бюджетин 25 миллиард 376 миллион 38,5 миң сомго толуктады. Мындай маалыматтар мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча акыркы отчетто берилди.
Анын ичинен Кумтөр дүң кирешеге салык катары бюджетке 7 миллиард 856 миллион 300,3 миң сом төлөгөн. Калган 17 миллиард 519 миллион 738,2 миң сом өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн жылдык төлөм катары мамлекеттик казынага түшкөн.
Ал эми сентябрь айында Кумтөр мамлекеттик бюджетти бул суммадан 1 миллиард 462 миллион 234,9 миң сомго толуктаган.
Түшүүлөр 1 млрд 235,7 миң сом өлчөмүндө дүң кирешеге салык төлөө менен да, минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жылдык сумма – 461 млн 999,2 миң сом менен камсыздалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика