Садыр Жапаровду Астанага кимдер коштоп кетти? Фамилиялары

Садыр Жапаровду Астанага кимдер коштоп кетти? Фамилиялары

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмты билдирди.

Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

— мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>