Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Жогорку Кеңеш 26-октябрда бир катар мыйзам долбоорлорду кабыл алды
27.10.2022 | 09:47
Жогорку Кеңештин 26-октябрындагы жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.
Биринчи окууда:
- “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 06.06.22деги кир. № 6-11519/22);
- “Эмгек жана социалдык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 10.06.22деги кир. № 6-12047/22);
- “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору(демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 30.06.22деги кир. № 6-14472/22);
- “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 20.07.22деги кир. № 6-15750/22);
- “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 10.06.22деги кир. № 6-12045/22);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Граждандык кодексине, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга)өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир.№ 6-11426/22, 06.06.2022).
Экинчи окууда:
- “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Кенжебаев А.Б., Самыйкожо М., 14.04.22деги кир.№ 6-6814/22);
- “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы,08.22деги кир. № 6-16811/22);
- “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы,09.22деги кир. № 6-17251/22);
- “2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16545/22).
Үчүнчү окууда:
- “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын долбоору(демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 03.22деги № 158 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.04.2022деги кир.№ 6-6537/22);
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар