Сентябрдан тарта жол эреже билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алына баштайт

Сентябрдан тарта жол эреже билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алына баштайт

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 1-сентябрдан тарта, жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суралып, билбегендер сынакка жөнөтүлө баштай турганын билдирди.

Анын айтымында, кимде ким жол эрежелерин билбесе, ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, «Унаа» мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт).

«Айдоочу каалаган убактысында «Унаа» мекемесине барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет.

Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат. Качан гана айдоочу жол эрежелерин жаттап, сынактан өткөндөн кийин күбөлүгү кайтарылып берилет», — дейт ал.

Ал мындай чараны жол кырсыгы көп катталып, анын айын жарандар каза болуп, майып болуп калып жатканы жана көп учурда ага жол эрежесин билбей, сатып алгандар күнөөлүү болуп жатканы менен түшүндүрдү.

«Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө, сынак үчүн 500 сом, ошол эле айдоочу экинчи жолу сынак тапшырууда өтпөй калып, экинчи жолу кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшыруу айдоочунун капчыгына 4000 сомго турат.

Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы», — дейт ал.

Ал 1-сентябрга чейин дагы 5 ай бар экенин, ага дейре жол эрежелерин жакшылап окуп-жаттоого чакырды.

«1-сентябрдан баштап айдоочулук күбөлүгүңөр “Унаа” мекемесине жөнөтүлө баштаса, нааразы болбоңуздар.

Бул процедуранын баары видеожазуулар менен коштолот. Биринчиден, эч ким МАИ инспекторлорун күнөөлөй алышпайт. Экинчиден, жол эрежесин билбегендер, өздөрү эле уят болушат.

Ошондуктан бүгүнтөн баштап, 5 ай бою жол эрежелерин жаттай баштайлы, мекендештер. Ар бир адамдын өмүрү, ден соолугу үчүн жоопкерчиликти сезе билели», — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>