ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Шаиста Шатманова ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.
Ал эми анын ордуна ЭлТРге жетекчи болуп, аталган каналдын башкы режиссеру Эрлан Догдурбеков дайындалган.