Мелис Аспеков: Мамкаттоого эмес, башка кызматка сунуш түштү

Мелис Аспеков: Мамкаттоого эмес, башка кызматка сунуш түштү

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп барары айтылууда.  Бул тууралуу Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлап, тиешелүү буйрук чыкканын айтты.

Маалымат булагыбыз ошондой эле, учурда Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп жаткан Акын Мамбеталиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагына директор болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Маалыматты тактоо үчүн Мелис Аспеков менен байланышканыбызда, ал Мамкаттоого жетекчи болорун тастыктаган жок.

“Мага акыркы жолу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын директорлугуна сунуш түштү. Бирок мен «Манас» аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков кызматтан кетмейин эч бир кызматка барабай тургандыгымды айттым. Биз өзгөрүү болсун, люстрация болсун деп революцияны кылганбыз. Сыдыковдор кызматка барсын деп кылган эмеспиз. Бактыбек Сыдыковго 10 күн убакыт берилген, эгер Сыдыков кызматтан кетпесе митинг уюштурабыз.Качан гана Сыдыков кызматтан кеткенден кийин кайсы кызмат болсо дагы аэропорткобу, Мамкаттоогобу, СЭЗ Бишкеккеби бара берем”, – деди Аспеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>