Шайлоо өнөктүгү учурунда 61 мыйзам бузуу катталды

Шайлоо өнөктүгү учурунда 61 мыйзам бузуу катталды

Шайлоо өнөктүгү учурунда 61 мыйзам бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтуусуна караганда бул фактылар үгүт өнөктүгү учурунда катталган. Бүгүн, 10-январда 2 урна сындырылган, добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгон жок.

“61 кайрылуу түштү анын ичинен 39у ички иштер министрлигине катталган. 10у жоруктар жана кылмыштар жөнүндө бирдиктүү реестрге, 1 факты башкы прокуратурада катталган, 6 окуя боюнча жеринен тиешелүү чечим кабыл алынган. Бир кайрылуу Орусияда катталган. Ошондой эле 6 кайрылуу боюнча атайын иштер учурда алынып барылууда. Көбүнчө кайрылуу талапкерлердин өкүлдөрү  тарабынан түшкөн”, — деди Шайназаров.  

Ал эми ИИМдин өкүлү Султан Макилов бүгүн, 10-январда саат 9:30га карата мыйзам бузуу катталбаганын, коопсуздукду 10 миңден ашуун милиция кызматкери камсыздап жатканын билдирди. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>