Шайлоо-2020: “Ата-Мекен” партиясы “Улуттар биримдиги” менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

Шайлоо-2020: “Ата-Мекен” партиясы “Улуттар биримдиги” менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

“Ата-Мекен” партиясы менен “Улуттар биримдиги” партиясы 2020-жылдын октябрь айында өтө турган парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул маалыматты Reporter.kg`ге өздүк булактар билдирди.

Маалымат булагыбыз эки партиянын сүйлөшүүсүнө Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайпкулов ортомчу болуп жатканын кошумчалады.

“Улуттар биримдиги” партиясын Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов түзгөн. Ага 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланып, сыртынан жети жылга соттолгон. 

2015-жылкы парламенттик шайлоодо Мелис Мырзакматов “Ата-Мекен” партиясы менен шайлоого барары белгилүү болгон. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын талапкерлигин каттабай койгон.

Ал эми Искендер Гайпкулов Өмүрбек Текебаев соттолгондон кийин анын ордуна “Улуттар биримдиги”  партиясынын атынан депутат болуп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>