Шайлоо-2021: 27 партия саясий жарышка аттанат

02.09.2021 | 18:33

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

2-сентябрда “Бирге – Вместе”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Мекенчил Эл”, “Адилет”, “Ак Бата”, “Социалист”, “Тилектештик”, “Аалам”, “Ынтымак”, “Күч биримдикте” жана “Азаттык” демократиялык партиясы жазуу түрүндө кайрылган.

Буга чейин БШКга “Социал-демократтар”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс”, “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”, “Ата Мекен”, “Ыйман Нуру”, “Эл үмүтү”, “Актив”, “Бийлик элге”, “Акыйкат Кыргызстан”, “Ар-Намыс”, “Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”, “Ак Асаба” партиясы билдирме тапшырган.

Шайлоо 28-ноябрда болот. Эртең, 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин саясий партиялар шайлоого катышаары туурасында кагаз жүзүндө БШКга расмий кайрылышы керек.

Scroll to Top