Шайлоо-2021: 27 партия саясий жарышка аттанат

Шайлоо-2021: 27 партия саясий жарышка аттанат

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

2-сентябрда «Бирге — Вместе», «Ата-Журт Кыргызстан», «Мекенчил Эл», «Адилет», «Ак Бата», «Социалист», «Тилектештик», «Аалам», «Ынтымак», «Күч биримдикте» жана «Азаттык» демократиялык партиясы жазуу түрүндө кайрылган.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Жаратман Эл”, «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия», «Ата Мекен», «Ыйман Нуру», «Эл үмүтү», “Актив”, “Бийлик элге”, «Акыйкат Кыргызстан», «Ар-Намыс», «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы», «Ак Асаба” партиясы билдирме тапшырган.

Шайлоо 28-ноябрда болот. Эртең, 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин саясий партиялар шайлоого катышаары туурасында кагаз жүзүндө БШКга расмий кайрылышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>