Шайлоо участокторунда санитардык эрежелерди сактоо алгоритми иштелип чыкты
Республикалык штаб парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү алкагында, COVID-19 вирусунан калкты коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритмдерди иштеп чыкты.
– Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан Шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоону камсыздоо;
– Ар бир шайлоочуга чейин жана андан кийин идентификация жабдуусун дезинфекциялоо;
– Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жоопкер адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо;
– Беткапты, колкапты жана башка жеке коргонуу каражаттарын Шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек;
– Адамдар арасында социалдык аралыкты сактоо – 1,5-2 метрден кем эмес;
– Шайлоо участогунда шайлоочулардын беткап тагынуусу абзел;
– Эмеректин жана техникалык жабдуунун бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт.
Агитация, шайлоо процессинде, Шайлоо участогунун ишинде санитардык талаптарды сактоо боюнча кененирээк маалыматты жана участокко келбестен шайлоого катышууну төмөндө алсаңыз болот.