Шайлоо участокторунда санитардык эрежелерди сактоо алгоритми иштелип чыкты

Шайлоо участокторунда санитардык эрежелерди сактоо алгоритми иштелип чыкты

Республикалык штаб парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү алкагында,  COVID-19 вирусунан калкты коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык  коопсуздукту сактоо боюнча алгоритмдерди иштеп чыкты.

— Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан Шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоону камсыздоо; 

— Ар бир шайлоочуга чейин жана андан кийин идентификация жабдуусун дезинфекциялоо;

— Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жоопкер адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо; 

— Беткапты, колкапты жана башка жеке коргонуу каражаттарын Шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек; 

— Адамдар арасында социалдык аралыкты сактоо — 1,5-2 метрден кем эмес;

— Шайлоо участогунда шайлоочулардын беткап тагынуусу абзел;

— Эмеректин жана техникалык жабдуунун бири-биринен  1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. 

Агитация, шайлоо процессинде, Шайлоо участогунун ишинде санитардык талаптарды сактоо боюнча кененирээк маалыматты жана участокко келбестен шайлоого катышууну төмөндө алсаңыз болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>