•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космобек Чолпонбаев азыр кайда?

Учурда мурдагы саламаттык сактоо министри Космобек Чолпонбаев Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Сот анын баш коргоо чарасын  жакынкы күндөрү аныктайт.

Эскерте кетсек, Космосбек Чолпонбаев кечээ, 15-сентябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кармалган.

Шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголгон.

Анын жүрүшүндө аталган министрликтин жетекчи адамдары өзүлөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталган.

Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Үч жылда коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6541 факты катталган

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *