Шайлоодо 5%дан кем эмес добуш алгандарга күрөөсү кайтарылып берилет

Шайлоодо 5%дан кем эмес добуш алгандарга күрөөсү кайтарылып берилет

Кеминде 5% добуш алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат. Борбордук шайлоо комиссиясы дагы кайсы учурларда күрөө бир мандаттуу талапкерге кайтарыларын айтты.

Күрөө шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитүүгө чейин шайлоого андан ары катышкандарга кайра кайтарылат. Ошондой эле, эгерде БШКга анын фондун түзүүнүн өлчөмү жана бардык булактары жана тартылган бардык чыгымдар жөнүндө отчет тапшырылгандан кийин шайлоо жараксыз же өтпөй калды деп табылса каражат кайра кайтарылат.

“Эгер мыйзамды бузуунун натыйжасында добуш берүү күнүнө чейин талапкердин каттоосу жокко чыгарылса жана талапкердин шайлоосу жараксыз деп табылса, залог кайтарылбайт жана бюджетке чегерилет, — деп түшүндүрдү БШК.

Ар бир депутаттыкка талапкер жеке каражатынан БШКнын атайын эсебине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>