Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Шакиев жаңы гимн 4 айдан ашпаган убакытта кабыл алынышы керектигин айтты
03.12.2024 | 12:42
Кыргызстандын жаңы гимни 2025-жылдын апрель айына чейин кабыл алынышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев билдирди.
Бүгүн, 3-декабрда парламентте Шакиев гимнди өзгөртүү маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
Жыйында ал жаңы гимндин текстин жана обонун жазууга тайрыйбалуу композитор, акындар гана эмес, чыгармачылыкка кызыккан ар бир жаран катыша аларын билдирген.
Шакиев эң кеч дегенде келе жаткан жылдын апрель айына чейин жаңы гимн кабыл алынышы керектигин айткан. Аталган убакытка чейин кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп бүтүшү зарыл.
Ошондой эле ал азыркы гимндин текстине, обонуна карата түрдүү пикирилер айтылып келгенин, кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине окшош экенин билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом