Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
УКМК милициянын подполковнигин кармады (видео)
03.12.2024 | 13:36
Араван райондук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басары, подполковник Т. Азимов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош облусунда бир жарандын уулу милиция тарабынан кылмышка шектүү катары кармалган. Анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камакта калтырбоо үчүн милицияга кызматкери 150 миң сом пара опузалаган. Бул факт 28-ноябрда шектүүнүн атасы УКМКга арыз жазган.
УКМК билдиргендей, бул ишке шектүү катары подполковник Азимов кармалган. Ал 120 миң сом алып жатканда колго түшүрүлгөн.