Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты (видео)
22.09.2023 | 18:57
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Бүгүн, 22-сентябрда таймашка чыккан Шаршенбеков 1/16 финалда литвалык Юстас Петравичюсту 10:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
1/8 финалда грузиялык балбан Придон Абуладзени да мөөнөтүнөн мурда, 44 секундда 9:0 эсебинде жеңип чыкты.
Ал эми чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахромов менен күч сынашып, аны да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде утту.
Жарым финалдык беттеште Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз