Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 17-21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

18-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине — Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Саммиттин лидерлеринин диалогуна катышты.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров мамлекет башчылары жана каржы мекемелеринин жетекчилери — БУУнун Өнүктүрүү программасынын Администратору Аким Штайнер, Финляндиянын Президенти Саули Ниинистё, Азия Өнүктүрүү Банкынын Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулайман Аль Джассер, Ирандын Президенти Сейед Эбрахим Раиси менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча актуалдуу багыттар талкууланып, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

19-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Тажикстандын  Президенти Эмомали Рахмондор менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Кызматташтыктын бардык негизги багыттары боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери жана АКШнын Президенти Джо Байден менен бирге Нью-Йорк шаарында өткөн «Борбор Азия жана АКШ» мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин ишине катышты.

Күндүн экинчи жарымында президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

20-сентябрда мамлекет башчысы Кореянын Президенти Юн Сок Ёль менен жолугуп, анда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашты.

Андан соң Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Катчылыгынын имаратында Садыр Жапаров БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Ошондой эле Эл аралык валюта фондунун башкаруучу-директору Кристалина Георгиева менен жолугушуп, ЭВФ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле глобалдык экономикалык кырдаалды өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

20-сентябрь күнү кечинде мамлекет башчысы Нью-Йорктун мэри менен бейрасмий жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда өз ара байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алмашты.

Сапардын акыркы күнү — 21-сентябрда Садыр Жапаров инновациялык иштеп чыгуулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы жана ири медициналык компаниялардын бири болуп саналган «Медтроник» медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун америкалык «Oppenheimer Asset Management» көп улуттук инвестициялык банктын жана компаниясынын жетекчилиги жана америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен ишкердик баарлашуусу болуп өттү.

Мамлекет башчысы ошондой эле Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барып, биржанын иши менен таанышып, тооруктун жүрүшүнө байкоо салды.

Иш сапарын аяктап, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>