Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМК
Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба-ырайы күтүлөт
19.04.2022 | 18:02
20-25-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 20, 21, 24-апрелде күндүзү жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар