7-августка карата аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди
Акжол Махмудов менен Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болушту
19.04.2022 | 17:46
Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн балбан Акжол Махмудов Азия чемпионатынын алтын медаль тагынды.
Финалда ал казакстандык Максат Ережеповду 3:1 эсебинде утуп алды.
Жарым финалда биздин спортчу кореялык балбанды 4:1 эсебинде жеңген.
Дагы бир грек-рим күрөшчүсү Тынар Шаршенбеков 63 килограммга чейинки салмак ченинде Азия чемпиону аталды.
19-24-апрель күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт