Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрдү

22.11.2025 | 13:16

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек атазовдун уйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоо органдары билдирди.

Тинтүү бүгүн, 22-ноябрда, эртең менен жүргүзүлгөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тинтүү иштери массалык башаламандыкка чакырган деп шектелип, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кармалышына байланыштуу экени айтылды.

Атазовдун үйүн тинтүү жүргүзүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Султан Макилов тастыктады. Ошондой эле кошумча маалыматтар кийинчерээк берилери айтылды.

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тарткан. Себеби катары ал 2024-жылдан тарта уюшкан кылмыштуу топ менен байланыштуу адам катары профилактикалык каттоого алынганы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, УКМК маалыматына караганда, ал 2024-жылдын 13-мартынан 29-ноябрына чейин өлкө аймагынан тышкары болгон.

Scroll to Top