Шоумен Кадыр Жарматовдун жубайы асынып өлгөнү аныкталды

Шоумен Кадыр Жарматовдун жубайы асынып өлгөнү аныкталды

Кара-Суу районунда аял асынып алды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция бөлүмүнө 22-апрелде Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а / о Ишкаван айылында аял асынып каза болду деген маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат реестринде катталган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 22-апрелде саат 12:30 чамасында Ишкаван айылынын 32 жаштагы тургуну үйүнүн гаражынан жансыз денеси табылгандыгын аныкташкан.

Маркумдун 33 жаштагы күйөөсү Ж.К жана анын туугандары эч кандай дооматы жок деп соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Акты түзүлгөн. Каза болгон К.С. — Кара-Суу районунун тургуну, үч уул жана бир кыздын энеси, убактылуу эч жерде иштеген эмес.

Өздүк булактардын маалыматына ылайык, суицидге барган аял тамашоучу, актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>