СИЗОнун кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду
Жалал-Абад шаарында өткөн аралаш мушташ боюнча эркектер арасындагы ачык чемпионатта ички кызматтын кенже сержанты, 21 жаштагы Муратбек уулу Тумарбек Өзбекстандан келген атаандашын жеңип, 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Муратбек уулу Тумарбек атайын орто билимге ээ. Кыргыз Эл аралык колледжин бүтүрүп, юрист кесибине ээ болуп, учурда №53 тергөө изоляторунда эмгектенет.
Ал 2017-жылдан бери ар кайсы федерациялар тарабынан уюштурулган аралаш мушташ боюнча эркектер арасындагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет.
[image_carousel source=”media: 176496,176497,176498″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз