Бриллианты бар шакек, акча уурдоого шектүү кармалды. Окуянын чоо-жайы

Бриллианты бар шакек, акча уурдоого шектүү кармалды. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте уурдоого шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-январда райондук милицияга О.В. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, үйүнө келип уулуна сабак окуткан А.А. аттуу аял, 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын март айына чейин иштеген учурда, 600 долларлык кызыл түстөгү капчыгын, 18 миң рубль акчасын жана 18 карат бриллианты бар шакегин уурдап кеткенин билдирген. Жалпы келтирилген зыян 2,1 миң долларды түзгөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иш козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>