БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Соцфонд: Кыргызстанда пенсиялык курак көтөрүлбөйт
26.07.2022 | 12:27
Кыргызстанда пенсиялык курак көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.
Ал Соцфонд пенсиялык куракты көтөрүү тууралуу демилге көтөрүү ою жок экенин белгилеп өттү.
“Кандайдыр бир өзгөрүү болбойт. Пенсиялык курак көтөрүлбөйт. Аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш боюнча калат”, – деди ал.
Эскерте кетсек, мындан бир нече ай мурда өкмөт пенсиялык куракты көтөрүү демилгеси менен чыгып, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин ал оюнан баш тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом