Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Баңги кылмыштарына шектелген жарандан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизатын мыйзамсыз сактоо же сатуу, эски кодекс) көрсөтүлгөн кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургуну М.Н. кармалган.

Тинтүү учурунда “Хонда Аккорд”  үлгүсүндөгү унаанын ичинен төрт огу менен номуру өчүрүлгөн  “Макаров”  үлгүсүндөгү тапанча  табылган.

Аталган факт Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) менен катталган. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>