Социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлдү

Социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлиги сунушталууда. Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, анын талапкерлиги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тарабынан көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын өкүлү билдиргендей, Солтонбекованын талапкерлиги бүгүн-эртең парламенттин тийиштүү комитеттеринде каралып, шаршемби күнү жалпы жыйындын кароосуна жиберилет.

Белгилей кетсек, 28-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Аида Исмаилованын талапкерлиги каралып, депуттаттардын колдоосуна ээ болгон эмес.

Аталган кызматты 2018-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген Улукбек Кочкоров 6-октябрдагы окуялардан кийин кызматтан кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>