3-апрелге карата аба ырайыЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификациялады
Сокулукта турак үй өрттөнүп, үч газ баллон жарылды
10.08.2023 | 22:40
Бүгүн, 10-августта Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Северная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
ӨКМден билдиришкендей, жеринде тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 14:57де чектөөгө алынып, 19:33дө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен темир калай менен жабылган үйдүн чатыры, ага жанаша турган убактылуу жашай турган эки бөлмөлүү үй күйгөн. Сарай, 3 куб отун, тактайлар, 1 тонна кездеменин калдыктары, кездемелер күйүп, 3 газ баллон жарылган.
Болжол менен өрт 300 чарчы метр жерди кучагына алган. Жабыркагандар жок, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар