Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Чүйдөгү жол кырсыктан айдоочу мерт кетти
10.08.2023 | 21:03
Чүйдүн Жайыл районунда катталган жол кырсыктан айдоочу каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка караганда, кырсык 9-августта саат 12:30 чамасында болгон. Анда Кара-Балта— Степное жолунда Toyota Carina унаасы карама-каршы тикеде келе жаткан Mercedes Benz менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Toyota Carina унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп, 3 адам райондук ооруканага жеткирилген. Жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом