Кыргызстанда кайсы ишканалар энергоаудиттен өтүүгө милдеттендирилет — толук маалымат«Кыргызстан транзиттик туңгуюктан чыкты»: эксперт ШКУ саммитинин артыкчылыктары тууралууБишкекте Кыргыз-Кытай товардык көргөзмөсү өтөт — толук маалыматКөк бөрү жана көк пардын финалына кирбей калгандардын билетинин акчасы кайтарылатКыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмаштыҮйдү оңдоп берем деп убада берип, акча менен качып кеткен — Бишкекте шектүү кармалды
Семёнов — Тянь-Шань чокусунан 26 күн мурун жоголгон турист изделет
10.08.2023 | 23:25
Бүгүн, 10-августта Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкү алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө “Эдельвейс” кошуунунан 5 куткаруучу чыгып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштерин жүргүзүшмөкчү. Куткаруу тобу Семёнов чокусунан “Хижина Наукага” түнөккө калышат.
Эске салсак, Семёнов — Тянь-Шань чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен. Бул жаран “Эдельвейс” куткаруу кошууну тарабынан тынымсыз изделип жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом