Соода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өнөктөштөрдү издөө максатында Кыргызстанга келген Шанхайдын ири ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамына фармацевтикалык заводдорду, темир жол жана автоунаа жолдорун куруу багытындагы ири акционердик топтун башкармалыгынын төрагасы, ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан магистралын долбоорлоочу компаниянын өкүлү кирген.
Жолугушууда тараптар кыргызстандык ишканалар үчүн Шанхай шаарына бизнес-тур уюштуруу жана В2В форматындагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча макулдашышкан. Ошондой эле Бишкек шаарында шанхайлык ишканалардын жана Кыргызстандын тармактык өкүлдөрүнүн катышуусунда ири инвестициялык форум өткөрүү чечими кабыл алынган.
Кызматташуунун негизги багыттары:
- фармацевтика;
- транспорттук инфраструктура;
- Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу айланасындагы логистика жана тейлөө кызматтары.
Соода-өнөр жай палатасы учурда кытай тарап менен биргеликте Шанхайга иш сапар жана Бишкектеги инвестициялык форумду уюштурууга даярдык көрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп жатканын кошумчалады.