Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Кыргызстанда 4 баллдык жер титирөө катталды
14.10.2025 | 15:42

Бүгүн, 14-октябрда саат 13:17де, Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Таш-Дөбө айылынан 27 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Мойноктон 34 чакырым түндүк-батышта жана Бишкектен 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кара-Мойнок, Таш-Дөбө жана Дөң-Алыш айылдарында жер титирөө күчү 2,5 баллга чейин сезилген.