Садыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылды
Соодагерлерден акча доолаган Кара-Суудагы базардын директору кармалды
26.01.2024 | 12:40
Кара-Суудагы «Туратали» базарынын аймагында жайгашкан «К. Жээнбеков» базарынын директору Ж.К.Ш. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209 беренеси менен “Алдамчылыкка” шектелүүдө.
“Базар директору соодагерлерди “контейнерди бузуп, ижара келишимин узартпай коем” деп коркутуп акча доолап турган. Жыл сайын ишкерлер 5 миң – 10 миң доллардан берип келишкен”, – дейт УКМК.
Шектүүнүн банктык эсебине базарда иштеген соодагер 5 миң доллар которгондон кийин кармалды.
Анын үйүн тинтүү учурунда акча, балуу буюмдар жана «Рейндж Ровер» автоунаасы табылып алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом