Камактагы 11 журналисттин укуктары бузулуп жатканы айтылды

Камактагы 11 журналисттин укуктары бузулуп жатканы айтылды

Милиция тарабынан кармалган 11 журналисттин туугандары акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылып, камакта отурган жакындарынын укуктары бузулуп жатканына арызданды. Бул тууралуу Акыйткатчы институтунан билдиришти.

«17-январда сот кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды тергөө абагына которуу чечимин чыгарганына карабастан, алар ушул кезге чейин убактылуу кармоочу жайда отурушат (убактылуу кармоочу жайда адамды узак мөөнөткө кармоого ылайыктуу шарттар жок — ред.). Бул алардын укуктарын бузууда», — деп жакындары арызданган.

Аны менен бирге алар сот кармалгандардын бөгөт чарасын карап жатканда, жактоочулардын жүйөөлөрүн эске албаганын белгилешкен.

Жаманбаева билдиргендей, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери журналисттер кармалган күндүн эртеси эле убактылуу кармоочу жайга барып, алардын кармоо шарттары менен таанышып, ар бири менен сүйлөшүп келген.

«Биз өз мандатыбыздын алкагында кармалган жарандардын укуктарынын корголушу боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле алардын эмне себептен убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына которулбай жатканын билүү үчүн Бишкек шаардык милициясына кат жолдодук», — дейт Жаманбаева.

Эскерте кетсек, 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда жана азыр иштеп жаткан кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ал эми 17-январда Биринчи май райондук сот журналисттерди тергөө абагына 2 айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Милиция 11 журналистке тең “массалык башаламандыктарга чакырык жасоо” айыбын коюуда.

Камакка алынган журналисттер (Temirov Live’да иштегендер):

1. Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» долбоорундагы акын, журналист)
2. Сапар Акунбеков (журналист, «Айт айт десе»)
3. Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы жана Temirov Live’дын директору)
4. Айке Бейшекеева (журналист, Temirov Live)
5. Акыл Орозбеков (оператор)

Temirov Live’да мурда иштегендер:

6. Тыныстан Асыпбек (журналист, «ПолитКлиника»)
7. Актилек Капаров (журналист, «Алга Медиа»)
8. Жоодар Бузумов (журналист, «Нур пресс»)
9. Сайпидин Султаналиев (журналист, «Арча Медиа»)
10. Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт)
11. Жумабек Турдалиев

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>